Сот Равшан Жээнбековдун жубайына карата баш коргоо чарасын тандады
3466
Бишкектин Биринчи Май райондук соту Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаевага карата баш коргоо чарасын тандады.
Алимбаева 24-июлга чейин УКМКнын СИЗОсунда камала турганын сотто маалымдалды. Ал Бишкек шаарындагы жер тилкесин мыйзамсыз ыйгарып алган деген шек менен кармалганы айтылды.
Эске салсак, Равшан Жээнбеков өзү учурда Кемпир-Абад окуясы боюнча Бишкектеги СИЗО-1де. Саясатчы Ленин районундагы парламенттик шайлоого да катышууда.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://denesjn9hljw4k5vtj525ct98t3x101g.kaktus.media/12552
