Бишкекте эркек киши эки дубалдын ортосуна кыпчылып калган
2952
Бишкекте дубалдын ортосуна кыпчылып калган жаранга жардам көрсөтүлдү. Ал турак үй менен гараждын дубалдарынын ортосунда калып калган дешет ӨКМдан.
Маалымдалгандай, 5-февралда куткаруучуларга билдирүү түшкөн. Анда Репина көчөсүндө эки дубалдын ортосунда эркек киши кыпчылып, чыга албай калгандыгы кабарланган.
Жерине 5 куткаруучу тартылып, болжол менен 60-65 жаштагы эркек кишини эс-учун жоготкон абалда чыгарып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришти.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://denesjn9hljw4k5vtj525ct98t3x101g.kaktus.media/10207